51Թ

БААУ Makerspace Learning and Design Center борборун ачты

БААУ Makerspace Learning and Design Center борборун ачты

24&Բ;июня&Բ;2024

#мейкерспейс#MakerSpace

Борбордук Азиядагы Америка университети Makerspace Learning and Design Center борборунун курулушун аяктады. 24-июнь дүйшөмбү күнү анын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Makerspace Learning and Design Center – уникалдуу билим берүү, чыгармачыл жана ишкерлик мейкиндиги болуп, анда БААУнун студенттери жана коомчулугунун башка өкүлдөрү инновациялык азыктардын прототиптерин иштеп чыгуу жана өндүрүү үчүн борбордун жогорку технологиялык жабдууларын пайдалана алышат. Борбор БААУ, Бард Колледж жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги USAID| American Schools and Hospitals Abroad (ASHA) тарабынан каржыланып, курулуш иштерин “Кармис” курулуш компаниясы ишке ашырды.

Ачылыш салтанатына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, КРнын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, КРнын Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов, БААУнун Камкорчулар Кеңешинин төрагасы Дэвид Лахдир, БААУнун Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Джонатан Бекер, БААУнун президенти Тимоти О'Конор, БААУнун вице-президенти, аткаруучу жетекчиси Чынгыз Шамшиев катышты.

БААУнун Камкорчулар Кеңешинин төрагасы Дэвид Лахдир сыйлуу коноктор менен жылуу учурашып, Makerspace Learning and Design Center борборунун ачылышынын БААУ үчүн гана эмес, ошондой эле жалпы Кыргызстан үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. “БААУнун Мейкерспейсинин ачылышы БААУда инновациялык билим берүүчү, чыгармачыл жана ишкерлик борборунун жаралгандыгын жар салат. Эми жогорку технологиялык жабдууларга муктаж болгондор ага жетүү мүмкүнчулүгүнө ээ болушат”,- деди ал.

Салтанаттын конокторунун алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө Акылбек Жапаров чогулгандардын баарын борбордун ачылышы менен куттуктап, аталган университеттин гана эмес, ошондой эле бүткүл Кыргызстандын билим берүү жана инновациялар тарыхында жаңы барак башталып жатканын белгилеп өттү.

“Кыргыз Республикасынын президенти өлкөбүздүн окумуштууларына кайрылып жатып айткандай эле, кыргыз окумуштууларынын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы салтка айланган “илим жана практика” тандеминде жүрүшү керек. Тилекке каршы өткөн жылдарда илим менен практиканын ортосунда ажырым пайда болгонун айта кетпесек болбос. Буга фундаменталдык изилдөөлөргө көп көңүл бурулуп, ал эми колдонмо изилдөөлөргө өкмөт тарабынан жетишерлик көңүл бурулбай келгендиги себеп болду десек жаңылышпайбыз. Жыйынтыгында өлкөбүздүн экономикалык өсүп-өнүгүүсү, адамдардын, анын ичинде окумуштуулардын жана ойлоп табуучулардын кирешелеринин өсүүсү үчүн илимий изилдөөлөрдүн акысын жетишерлик даражада колдоно албадык. Фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү салыштырып көрсөк, бүгүнкү күнгө чейин фундаменталдык изилдөөлөргө көч башында. Илим тармагындагы учурдагы абалды өзгөртүү боюнча иштер алып барылууда. Илим рыноктогу суроо-талапты эске алуусу жана анын каржылануусу мамлекеттик буйрутмаларга ылайык келиши керек. Менимче 3D принтерлер, лазердик кескичтер, робототехникалык топтомдор сыяктуу алдыңкы жабдуулар менен камсыздалган Мейкерспейс бул багыттагы кезектеги алга кадам болуп эсептелет”,- деп билдирди Акылбек Жапаров.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Данакер” ордени менен Дэвид Лахдирди сыйлагандыгы жарыяланды. Анда мындай деп айтылат: “Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын элдеринин ортосундагы социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого сиңирген эмгеги жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, Борбордук Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжинин Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Дэвид Лахдир “Данакер” ордени менен сыйланат”.

Makerspace Learning and Design Center долбоору АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен ишке ашырылган. Анын директору Кая Адамс иш-чаранын ачылышында төмөнкүчө билдирүү жасады: “Мындан 18 ай мурда ушул жерде суук декабрь айында туруп, мезгил капсуласын салганбыз. Ошондо бул долбоор болгону макет эле. Андыктан азыр долбоордун ишке ашканына жандуу күбө болуп жатканыма абдан кубанып турам. 30 жылдан кийин мезгил капсуласы ачылганда долбоорго арнаган каалоо-тилектердин баары ишке ашат деген үмүттөмүн”.

БААУнун Камкорчулар Кеңешинин мүчөсү Джонатан Бекер өз сөзүндө БААУнун Мейкерспейси жаңы материалдар менен идеяларды жаратуу үчүн өзүнө биргелешкен жана инновациялык ыкмаларды камтып, бул анын башкы максаттарынын бири экенин баса белгиледи.

Салтанаттын расмий бөлүгү лента кесүү менен аяктады. Коноктор үчүн Мейкерспейс боюнча экскурсия жүргүзүлдү. Соңунда Акылбек Жапаров, Дэвид Лахдир, Джонатан Бекер, Тимоти О'Конор, Чынгыз Шамшиев жана башка ардактуу коноктор Мейкерспейстин кире беришине арчаларды отургузушту.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028