51Թ

Мейкерспейсте Ачык эшиктер күнү болуп өттү

Мейкерспейсте Ачык эшиктер күнү болуп өттү

3&Բ;июля&Բ;2024

#мейкерспейс#MakerSpace

Өткөн ишемби, 29-июнда Makerspace Learning and Design Center 51Թбул жаңы, уникалдуу жана чыгармачыл мейкиндик менен таанышууну каалагандар үчүн өз эшигин ачты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө коноктор БААУнун Мейкерспейсинин жаралыш тарыхы, дүйнөдөгү мейкерчилик кыймылынын пайда болушу, кандай окутуу программалары бар экендиги жана башка кызыктуу фактылар тууралуу маалымат алышты.

Өз чыгуусунда БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жеке санариптик өндүрүш деген эмне жана анын миссиясы эмнеде экендигине токтолду. “Университеттин Мейкерспейси - бул жакынкы келечекте тынымсыз мастер-класстарды өткөрүүчү, технологиялык экспертизаларды жасоочу технологиялык борбор болмокчу. Биз Бишкекте жана жалпы жонунан Кыргыз Республикасында биздин мейкерчилик боюнча борборубуздун насаатчылыгынын астында жеке санариптик өндүрүштүн лабораторияларынын түйүндүк өз-ара аракеттенишүүсү жаралып, активдүү өнүгүүсүн каалаганбыз. Мейкерспейстер адатта ар кандай деңгээлдеги коомчулуктардын жашоо сапаттарын жакшыртууга багытталган чечимдерди иштеп чыгуучу борборлорго айланат. Алар социалдык демилгелерди, экологиялык долбоорлорду жана башка маанилүү саамалыктарды колдоого алат”,- деп белгиледи Тимоти О'Коннор. Ал ошондой эле МИСИС илим жана технологиялар университетинин жана Владимир Кузнецовдун жетекчилиги астындагы жана Москвалык физико-технологиялык институтунун адистеринин командасы менен тааныштырды. Аталган адистер бир нече мастер-класстарды өтүп беришти. Иш-чаранын эң бир эмоционалдуу учурларынын бири Тимоти О'Коннордун жогоруда аталган адис Владимир Кузнецовдун уулу Алексейди чакыруусу болду. Мейкерспейстен алган таасирлери тууралуу айткан жигит ага жаңы борбор абдан жакканын белгиледи: “Бул жерде иштөө үчүн баары бар жана бул кыял. Бул жерде буга чейин эч ким ойлоп таппаган нерсени жаратуу мүмкүн!”

БААУнун вице-президенти жана башкы аткаруучу жетекчиси Чынгыз Шамшиев БААУнун Мейкерспейсин жаратуу идеясы кантип жаралгандыгы, ал кантип ишке ашырылгандыгы жана бул мейкиндиктин алдында кандай милдеттер тургандыгы жөнүндө айтып берди. “Буга чейин айтылгандай, Мейкерчилик кыймылы - бул Эл аралык кыймыл жана ал менимче башка маанилүү нерсе менен байланышкан. Бул инновациялык технологияларды, дизайн ой-жүгүртүүнү жайылтуу. Мына бул Мейкерспейсте биз дизайн ой-жүгүртүүгө абдан көп көңүл бурабыз. Дизайн ой-жүгүртүү - бул адамдар өз керектөөлөрүн жакшы түшүнө баштаган жана ошол анализдин негизинде ошол керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн сунуштарды киргизе баштаган азыктарды жаратуу ыкмасы. Сиз адамдар он уктаса да түшүнө кирбеген азыктарды жарата аласыз. Бирок сиз адамдардын кантип иштегендигин жана жашагандыгын түшүнүп, алардын жашоосун жакшыртуу үчүн идеяларды сунуштайсыз жана аларды белгилүү бир үлгүлөр түрүндө ишке ашырасыз”,- деп билдирди Чынгыз Шамшиев.

Мейкерспейс окутуу-конструктордук борборунун директору Нариса Турдиева борбордо билим алуу жана эмгектенүү тууралуу кененирээк айтып берди. Бардык билим берүү курстары үч форматта тартууланат: воркшоп, кыска мөөнөттүү (2-3 апта) жана узак мөөнөттүү курстар (2-3 ай). Ар бир студент курстарды өз каалоосу жана керектөөсүнө жараша тандай алат.

Мейкерспейсте сизге жаңы билимдерди берүүчү технологиялык курстар көп. Алсак, сиз 3D-принтер, с 3D-басып чыгаруу, 3D-сканерлер, сандык программалык башкаруучу станоктордо иштөө: фрезер, лазер, лазердик оймолор менен тааныша аласыз. Ошондой эле электроника жана Ардуино, ванилдик кескичтер жана текстилдик басып чыгаруу менен иштөөнүн көп варианттары каралган.

Мындан тышкары угуучулар үчүн ар кандай тил курстары, программалоо курстары, балдар программалары, корпоративдик кардарлар үчүн тренингдер жана башка көптөгөн мүмкүнчүлуктөр жеткиликтүү. Курстарга мүмкүндүк алуу үчүн Мейкерспейс клубунун мүчөсү болуу керек.

Кызыктын баары расмий бөлүк аяктагандан кийин башталды. Иш-чаранын коноктору ар кандай мастер-класстар менен воркшоптордун катышуучусу болуу, өз чыгармачыл жөндөмдөрүн көрсөтүү жана өз күчтөрүн жаңы тармактарда сынап көрүү мүмкүнчүлуктөрүнө ээ болушту. Катышуучуларда ачык DIY устаканаларына катышуу мүмкүнчүлугү жаралды: бактарга 3D ручка менен жазуу, бактардын пазлын чогултуу, лазердик маркер жана башкалар менен таанышуу.

Мейкерспейстеги Ачык эшиктер күнүнө катыша албагандар үчүн жаңылык: мындай иш-чаралар дагы уюштурулат. Алар тууралуу маалыматтарды университеттин сайтынан жана социалдык түйүндөрүнөн алсаңыз болот.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028