51Թ

Ташталган тилкеден заманбап сейил бакчага: ыктыярчылар менен студенттер шаарды кантип өзгөртүшүүдө

Ташталган тилкеден заманбап сейил бакчага: ыктыярчылар менен студенттер шаарды кантип өзгөртүшүүдө

28&Բ;августа&Բ;2024

БААУнун Мейкерспейсинде ыктыярчылар үчүн “Жердин балдары” аталышындагы воркшоп өтүп, ага Түштүк магистралы менен А. Малдыбаев көчөсүнүн кесилишиндеги 10-кичи райондогу “Шаардагы дарыя” долбоорун ишке ашырып жаткан ыктыярчылар катышты.

Ушул тапта долбоор жыйынтыктоочу баскычына жетип, учурда аянтчаны кооздоо жана көчө эмеректерин орнотуунун үстүндө иштер алып барылууда. “Жердин балдарынын” ыктыярчылары орнотмолорду иштеп чыгуу менен алектенишүүдө. Ал эми кооздуктар менен эмеректер БААУнун Мейкерспейсинде даярдалат.

Ыктыярчылар бир нече топторго бөлүнүшүп, алардын ар бири бакчадагы конкреттүү бир нерсенин үстүндө иш алып барды: диван-отургучтар, шахматтык стол, тумбалар менен отургучтар, сүрөткө түшүү аймагы.

Мейкерспейстин башкы инженери Тимур Азизбек уулу балдар менен бирге ар бир долбоорду кенен талдап, алардын артыкчылыктары менен кемчиликтерин талкуулашты.

Андан соң инженердик цехте ыктыярчылар жабдуулар жана алардын мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле долбоорлоо учурунда эске алуу зарыл болгон технологиялык процесстердин өзгөчөлүктөрү менен таанышышты. Тимур СПБ станоктордун, лазердик кескичтердин, 3D-принтерлердин кандай иштерин көрсөтүп, аларды пайдалануу жолдорун түшүндүрүп берди. Зарылчылыкка жарашата ыктыярчылар көчө эмеректеринин долбоорун түзө алышат.

“Шаардагы дарыя” долбоору – БААУнун “Антропология, урбанизм жана Эл аралык өнүктүрүү” магистратурасынын “Урбанизм” концентрациясынын жана “Эркин искусстволор жана илимдер” факультетинин “Шаардык пландаштыруу жана дизайн” конценрацияларынын доцент Эмиль Насритдиновдун жетекчилиги астындагы студенттеринин демилгеси. Ал SILK жана Ачык университтетер түйүнүнүн командаларынын колдоосу менен ишке ашырылууда. Демилге “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык мекемеси тарабынан колдоого алынган.

Түштү магистралы менен А. Малдыбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан ташталган жер тилкеси кыска убакыттын аралыгында студенттер жана алардын окутуучусу Эмиль Насритдиновдун иш-аракеттеринин натыйжасында бир топ өзгөрдү. Бүгүнкү күндө чакан сейил бактын курулуш иштери аякталып, жасалгалоо жана кооздоо иштери жүргүзүлүүдө.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028