51Թ

Ахмет Бикбулатов: “БААУ – менин ишенимдүү келечекке карай жолум”

Ахмет Бикбулатов: “БААУ – менин ишенимдүү келечекке карай жолум”

30&Բ;августа&Բ;2024

Ахмет Бикбулатов “Социология” факультетин 2017-жылы бүтүргөн. БААУну аяктагандан кийин ал бир катар чет элдик компанияларда эмгектенип, бүгүнкү күндө баарынан да жаккан нерсеси менен алектенип келет.

– Ахмет айтсаңыз, БААУга кантип окууга өткөнсүз жана эмне себептен “Социология” факультетин тандагансыз?

– Мен мектепти аяктагандан кийин таптакыр башка окуу жайга тапшыргам. Бирок мага ал жакта окуу жакпай калган. Мунун негизги себептеринин бири англис тили боюнча жакшы билим ала албаганым болгон. Натыйжада 1-курсту аяктагандан кийин бир жыл жоготконума карабастан, БААУга окууга тапшыруунун чечкем. Эмне себептен мен социологияны тандадым? Мага ошол кезде коомдун жашоо-турмушу, психология тармагы жана социологиянын өзү кызыктуу болчу. Андыктан дал ушул нерселерди иликтегим келген.

– БААУдагы биринчи күн эсиңиздеби? Ошол күнү сизди таң калтырган, өзгөчө нерсе эмне болгон?

– Эң оболу аябай коркком жана ошол эле учурда өзүмдү бөтөнчө сезгем. Анткени мени менен өзгөчө бир нерсе болуп жаткандай сезимдер жаралган. Мага Багыт алуу апталыгы абдан жаккан. Анда ар кандай факультеттердин студенттери дароо бири-бири менен таанышып, баарлаша башташкан. Багыт алуу апталыгынын негизинде мен БААУнун көптөгөн бүтүрүүчүлөрү менен ушул күнгө чейин байланышта болуп, достук мамиледемин.

Баса, мен эски кампуста окуп баштагам.

– Эски кампуста жана андан соң жаңы кампуста билим алууда кандай сезимдер пайда болчу?

– Эски кампуста атмосфера башкача болчу. Дээрлик үйдөгүдөй жана достук жылуу амтосфера. Чынында ал күндөр сонун күндөр болуптур. Экинчи курстан кийин мен академиялык тыныгуу алып, 3-курска келгенимде БААУ жаңы кампуска көчүптүр. Жаңы кампус да өзгөчө таасирлерди жараткан. Башында ал кандайдыр-бир батыштык, америкалык, Бишкекте жок окуу жайдай таасир калтырган. Ага күн сайын келип, билим алуу чынында укмуштуудай болгон.

– Окуу кыйын болгонбу?

– Окуу кыйын болгон деп айтуудан алысмын. Эң башкысы – өз тапшырмаларыңды аткаруу, баарын өз учурунда жасоо. Мына ошондо эч кандай көйгөй жаралбай, окууну класстан тышкаркы алектенүүлөр жана жада калса жумуш менен айкалыштыруу кыйынчылык жаратчу эмес.

– Мугалимдердин кимиси баарынан да көп таасир тийгизген?

– БААУда профессорлордун баары күчтүү жана алардын ар бири студенттерге таасир тийгизет. Өзгөчө Галина Горборукова жана Мехригюль Аблезованы эстейм. Мехригюль айым мага ар дайым “Оку, Ахмет оку!” деп көп айтчу.

– Сиз окуу менен башка ишмердүүлүктөрдү айкалыштыруу кыйын эмес болчу деп айтып калдыңыз, а сиз окуудан тышкары эмне менен алектенчү элеңиз?

– Мен “Red Bull” компаниясында промоутер болуп иштечүмүн. Ар кандай адамдар менен таанышуу, жолугушуу жана аталган компаниянын өкүлү болуунун өзү кызык болчу. БААУда окуган 3 жылда мыкты байланышуу ыкмаларына ээ болгом десем жаңылышпайм.

– Сизге БААУдагы чөйрөңүз, курсташтарыңыз кандай таасирин тийгизди?

– Мен сени курчап турган айлана-чөйрөң сага таасир этет жана ийгиликтүү келечегиңди аныктайт дегенди карманам. Албетте билим алуунун өзү маанилүү, бирок кандай жеке тажрыйба жана ыкмаларга ээ болгонуң андан кем калышпайт. Менин агымымдагы жигиттердин көбү кесиби боюнча иштешпейт. Бирок биздин байланыштарыбыз, баарлашууларыбыз бизге өз күчүбүздү ар кандай тармактарда сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн берип келет. Университеттеги таанышуулар менин андан ары өнүгүшүмө чоң жардам берди.

– Университетти бүтүргөндөн кийин эмне менен алектендиңиз? Сиздин кесипкөйлүк карьераңыз кандай өнүктү?

– Мен жогоруда университетте окуп жүргөндө “Red Bull” компаниясында эмгектенгенимди айтып өттүм. Окуу жайды аяктагандан кийин мен ал жактан кетип, Казакстанга көчүп, “Philip Morris” компаниясына жумушка орноштум. Алгач бир кызматта 9 ай иштеп, андан соң кызматтан көтөрүлдүм. Мына ошол кезде менде такси ишке киргизүү боюнча бизнес-идея жаралды. Аны ишке ашыруу үчүн Москвага барып, чакан таксопарк ачып иштете баштадым. Бирок кайсы бир мезгилде башка тармакта иштеп көргүм келди. Мына дал ошол мезгилде менин БААУдагы тааныштарымдын бири Amazon аянтчасында иштеп көрүүнү сунуштап калды. Ал иштин мааниси азыктарды буйрутма берүү, кардарлардын ар кандай маселелерин чечүү, техникалык колдоого кайрылууларга жардам берүүдө эле. Тажрыйба жана ыкмаларымды, ошондой эле университет берген тилди пайдалануу менен жогоруда аталган маселелерди чечүү мен үчүн чоң кыйынчылыктарды жараткан жок. Россия Федерациясына карата санкциялар киргизилгендигине байланыштуу мен Кыргызстанга келүүнү чечтим. Мага дүйнөнүн каалаган бурчунан кайрылууга болот. Билимдер менен тажрыйбанын жетишерлик деңгээлине жеткенден кийин Amazon`до билим бере баштадым. Бул чынында жакшы эле кирише алып келет. Учурда мен Amazon`дон акырындан бошой баштадым. Бирок билим берүүнү уланта берем.

Бүгүнкү күндө мени дрон менен тартуу, видеолорду монтаждоо, моделдик тартуулар көбүрөөк кызыктырат. Кандайдыр-бир жаңы нерсени каалап жатам, жашоомдо баарын өзгөрткүм келет. Эл аралык “Dumanaev Models” моделдик агенттиги менен кызматташып келем.

– Бүгүнкү күндөгү бүтүрүүчүлөргө кандай кеңеш бермексиз?

– Мүмкүнчүлүктөрдү издөө, жаңы нерселерден коркпоо, ар кандай адамдар менен көбүрөөк баарлашуу кеңешин берем. Канчалык көп жасап көрсөңөр, өзүңөрдү табуу жана өз дараметиңерди ишке ашыруу ошончолук оңой болот.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028