51Թ

Бишкек шаарынын тарыхын жаратуу боюнча долбоорго кошулгула!

Бишкек шаарынын тарыхын жаратуу боюнча долбоорго кошулгула!

3&Բ;сентября&Բ;2024



Борбордук Азиядагы Америка университетинин алдындагы Кыргызстан социалдык инновациялар лабораториясы SILK жана “Эсимде” коомдук фонду Ачык коом университеттеринин түйүнүнүн Open Society University Network (OSUN) грантынын колдоосу астында уникалдуу долбоордун башталып жаткандыгы тууралуу маалымдайт! Ага ылайык, ар бир жаран Бишкек шаарынын укмуштуудай тарыхынын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.


Биз эмне менен алектенебиз?
Биз шаар тарыхынын интерактивдүү картасын түзүү үчүн шаар тургундарынын жана конокторунун эскерүүлөрүн чогултабыз. Telegram ботту (@MemoryBishkek_bot) же сайтты (https://silk.kg/bish1) колдонуу менен сиз Бишкектин өзгөчө жерлери менен байланышкан окуялар жана сүрөттөр менен бөлүшө аласыз. Бизге баары кызык: бала кездеги эскерүүлөр, кызыктуу тажрыйба, эмоционалдык ассоциациялар жана биздин шаарыбыздын тарыхын жаңыдан түзүү үчүн өзүңүз баалуу деп тапкан нерселердин баары.


Эмне үчүн бул маанилүү?
Бул долбоор бизге шаарды сактоого жана анын тарыхын ар кандай мезгилдерде шаар тургундары менен урбанисттердин эскерүүлөрү аркылуу билүүгө жардам берет. Чогултулган окуялар менен сүрөттөр баарына жеткиликтүү онлайн-картада көрсөтүлүп, Бишкектин бай тарыхын сактоого көмөктөшөт.


Кантип катышууга болот?
1. Өз эскерүүлөрүңүз, кызыктуу тажрыйбаңыз же шаардын ар кандай жайлары менен байланышкан эмоционалдык ассоциацияларыңыз менен бөлүшүңүз.
2. Эгер мүмкүнчүлүк болсо сүрөттөрүңүздү тиркеңиз.
3. Өз баяныңызды @MemoryBishkek_bot Telegram боту же төмөнкү шилтеме аркылуу билдириңиз.


Долбоор Борбордук Азиядагы Америка университетинин алдындагы Кыргызстан социалдык инновациялар лабораториясы SILK жана Ачык коом университеттеринин түйүнүнүн Open Society University Network (OSUN) грантынын колдоосу астында “Эсимде” коомдук фонду тарабынан биргеликте ишке ашырылууда.


Долбоордун уюштуруучулары сиздердин окуяларыңыздарды чыдамсыздык менен күтүп калышат жана биздин шаардын тарыхынын уникалдуу учурларын кайра жаратууга жана сактоого жардам бересиздегенүмүттө.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028