31&Բ;октября&Բ;2024
Өткөн ишембиде университетте бир учурда эки иш-чара орун алды: 51ԹGreen Fest жана БААУнун Мейкерспейсинде Ачык эшиктер күнү. Алар “БААУнун Жашыл айынын” алкагында өтүп, аны Жарандык активдүүлүк борбору менен БААУнун Мейкерспейси уюштурду.
Кыска ачылыш салтанаты конференц-залда өттү. БААУнун Мейкерспейсинин башкы инженери Тимур Азизбек уулу катышуучулардын баарын 1-кабаттагы цехте орун алып жаткан ар кандай иш-чараларга катышууга чакырды.
Green 51Թпрограммасынын координатору Маргарита Лазуткина конокторго күтүлүп нерселер тууралуу айтып, фестивалдын алкагында эмнелерге катышуусу керек экендиги боюнча багыт берди. Ошондой эле Маргарита айым конокторду эмки жылдын апрель айында өтчү фестивалга чакырды. Белгилей кетчү нерсе, мындай фестивалдар салтка айланган жана быйыл биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жок. Алар курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине, экологиялык аң-сезимдүү жүрүм-турумдарга арналып келет. Эгер буга чейин таштандылар менен калдыктарды башкаруу, кайра иштетүү жана кайра пайдалануу көйгөйлөрү талкууланса, бул жолу талкуулардын негизги темасы жаныбарларды коргоо, айыл-чарбасын рационалдуу алып баруу жана экологиялык маалыматтарды туура баалоо болду.
Фестивалда биринчи спикер казакстандык веганчы, экоактивист, экопедагог Альфия Хасанова болду. Анын бет ачары биздин тамактануубуздун курчап турган айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин маселелерине айланды. Ал өзүнүн өмүр таржымалы менен бөлүшүп, кантип алгач вегетариан, андан соң веган болгондугу жөнүндө айтып берди. Ошондой эле эмне себептен экоактивизм жана экопедагогика менен алектенип баштагандыгы тууралуу кеп курду. Бет ачарында Альфия эттен баш тартуу планетанын экологиясын кантип жакшырта аларын көрсөтүп берди. Статистикалык маалыматтардын негизинде мал чарбачылыгы көп ресурстарды талап кыларын жана ал курчап турган айлана-чөйрөнү көп булгап жатканын билдирди. Анын үстүнө фермалардагы жаныбарлар начар шарттарды кармалып, кыйынчылыктарга кабыларын айтты. Бул албетте ойлондурбай койбойт.
Теманын логикалык уландысы Animal International Эл аралык жаныбарларды коргоо уюмунун event-менеджери Дмитрий Корецкойдун “Жаныбарларды заманбап коргоо” бет ачары болду. Көпчүлүк үчүн “жаныбарларды коргоо” сөз айкалышы мышыктар жана иттер менен, алар жайгашкан баш калкалоочу жайлар менен ассоциацияланат. Бирок дүйнөлүк статистикага ылайык, жаныбарлар көбүнчө айыл-чарба фермаларында өлтүрүлөт да, ал эми жардам берүүлөрдүн көп бөлүгү жаныбарлар багылчу атайын баш калкалоочу жайларга багытталат. Дмитрий ар кандай мамлекеттердеги жаныбарларды коргоонун көйгөйлөрү, эффективдүү альтруизмдин принциптери жана жаныбарларды коргоо боюнча ыктыярчылардын колдонгон ыкмалары тууралуу айтып берди. Бет ачар жаныбарларды коргоо маселелерине жаңыча көз-караш менен кароого чакырат. Бул кароосуз калган же жоголуп бараткан жаныбарларды гана эмес, ошондой эле уйларды, чочколорду, тоокторду да коргоо дегендик.
Жыйынтыктоочу бет ачар так тастыкталган маалыматтарга жана аларды текшерүү зарылчылыгына арналды. Аны журналист, фактчекчи, Factcheck.kg`нин редактору, экоизилдөөлөрдүн авторлошу, “ЭкоМиР” коомдук фондунун директору Ярослав Татыков жасады. Ал Кыргызстандагы фактчекингдин тарыхына токтолуп, ал кантип жасалары, журналисттер өз ишмердүүлүгүндө кандай ыкмаларды пайдалануусу, фейктерди кантип тактап билүү, белгилүү бир тармакта мамлектеттик саясатка кантип таасир этүүсү тууралуу айтып берди. Мунун баары конкреттүү мисалдар менен коштолду.
Эколекторий жалпы талкуу менен аяктап, анда катышуучулар спикерлерге кызыктырган суроолорун узатышты. Иш-чаранын катышуучулары жаныбарларды коргоо акцияларына кантип катышуу, фактчекерлдердин ишине жасалма интеллект кандай таасир тийгизип жаткандыгы, экоыктыярчылыардын ишинде кандай кыйынчылыктар жаралуусу жана экоишмердүүлүктү эмнеден баштоо керек экендиги тууралуу кызыгышты. Эң активдүү угуучулар экоөндүрүүчүлөрдүн жарманкесинин катышуучулары даярдаган атайын белектер менен сыйланышты.
Эколекторийге параллель түрдө Дармарка өттү. Анда кийим-кече, бут кийим, оюнчук, китептер менен алмашууга мүмкүн болду. Ошондой эле жаккан буюмдарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү да жаралды. Ал эми чогулган каражаттар кайрымдуулук максатта жумшалмай болду.
Биринчи жана экинчи кабаттын холлдорунда “Кыргызстанда жасалды” экоөндүрүүчүлөрүнүн жарманкеси өтүп жатты. Анда пайдалуу десерттерди, табигый азыктарды сатып алуу, вегандык стейк, котлет, сосискалардан даам сызуу мүмкүнчүлүктөрү жаралды. Мындан тышкары жарманкеде экокийимдер, кол менен жасалган сувенирлер жана башкалар тартууланды.
51ԹGreen Fest`тин бүйүр кызыткан учуру экология боюнча үч квиз болуп, анда катышуучулар курчап турган айлана-чөйрө тууралуу суроолорго туура жооп берүү менен даамдуу белектерди утуп алышты.