51Թ

Кылымдарды карыткан кийим: Борбордук Азиядагы элита текстили

Кылымдарды карыткан кийим: Борбордук Азиядагы элита текстили

13&Բ;ноября&Բ;2024

БААУнун Өнүктүрүү кеңсеси Антропология жана Эл аралык өнүктүрүү программасы менне биргеликте Казакстандагы Жучу Улусунун дооруна таандык Болган-Ана күмбөзүндөгү тарыхий чапанды кайра калыбына келтирүү жана сактоо боюнча киришүү лекциясын уюштурушту. Лекцияны каржылоо БААУнун OSUN TSI стипендиясынын колдоосу менен ишке ашырылды. Лекцияны Ачык коом университеттеринин алдындагы окумуштууларды интеграциялоо боюнча демилгенин стипендиаты Татьяна Крупа айым окуду.

2024-жылдын 6-ноябрында Борбордук Азиядагы Америкалык университетинде А. Маргулан атындагы Павлодар педагогикалык университетинин Археологиялык изилдөөлөр институтунун “UMAI” маданий мурасын консервациялоо жана калыбына келтирүү боюнча Лабораториясынын жетекчиси Татьяна Крупанын лекциясы болуп өттү. Саамалык БААУнун Антропология департаменти жана Өнүктүрүү кеңсеси менен биргеликте уюштурулду. Иш-чара студенттер жана окутуучулардын гана эмес, ошондой эле Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрүнүн да, анын ичинде консул Денис Автономов мырзанын да көңүлүн бурду.

Иш-чарага Улуттук музейдин адистери Арген Эмил уулу жана Баяман Исабековдор да катышып, алар учурда Татьяна айым менен биргеликте иш алып барып, археологиялык текстилди консервациялоо жана реставрациялоо тармагында жаңы билим менен ыкмаларды өздөштүрүшүүдө.

Лекцияны БААУнун президенти Тимоти О’ Коннор ачып, ал лектор менен конокторго жылуу салам айтуу менен чогулгандардын баарына маданий мурастарды сактоого салым кошуп жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. Мунун менен бирге Тимоти мырза келечекте жигердүү кызматташуу тилегин айтып өттү.

Татьяна Крупа реставраторлук кесиптин сырлары менен бөлүшүп, археологиялык текстилдин көп баскычтан турган консервациялоо жана реставрациялоо процесстери тууралуу айтып берди. Жаркын мисалдардын бири Болган-Ананын кийим-кечесин калыбына келтирүү боюнча жумуштар болду. Угуучулар жибекти жасоонун байыркы технологиялары, ичегиден кол менен жасалган жиптер тууралуу баалуу маалыматтарга ээ болушту. Мындай уникалдуу технология XV кылымга чейин колдонулган. Дал ушундай жол менен жасалган жибек жогору бааланган. Тарыхий булактарга таянсак, 1 килограмм жибектин баасы 3 килограмм алтынга тете болгон.

Мындан тышкары Татьяна XI кылымга таандык Орто-Токойдон табылган жибек кийимди изилдөөнүн жыйынтыктарын тартуулады. Ушул тапта кийим-кеченин биринчи комплектин анализдөөнүн негизинде сары-көк түстөгү чапандын жана буга чейин белгилүү болбогон орнаменттери жана чакан кездеме топчулары бар индиго түсүндөгү көйнөктүн фрагменттери аныкталган. Бул табылгалар байыркы модадан кабар берип, ошол мезгилдин элитасынын социалдык макамын чагылдырып турат. Татьяна жазма булактар аталган буюмдардын ээлери тууралуу маалыматтарды алууга жардам берет деген үмүттө.

Коноктор байыркы текстиль менен жакындан таанышуу үчүн үлгүлөрдү планшеттерден көрүп, бул өз кезегинде калыбына келтирүү процессин жакшы түшүнүүгө өбөлгө түзүп, реставраторлор тарыхты кантип тирилтип жатканын элестетишти.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028