51Թ

БААУнун Президенти Тимоти О'Коннордун Студенттикке Арноо аземинде сүйлөгөн сөзү

БААУнун Президенти Тимоти О'Коннордун Студенттикке Арноо аземинде сүйлөгөн сөзү

19&Բ;ноября&Բ;2024

БААУнун Президенти Тимоти О'Коннордун Студенттикке Арноо аземи 2024тө сүйлөгөн сөзү

Урматтуу студенттер, ата-энелер, кесиптештер жана достор! Бүгүн – биздин университет, эң оболу биздин академиялык үй-бүлөбүздүн бир бөлүгү болуп калган кымбаттуу студенттер сиздер үчүн өзгөчө күн. Сиздер билимиңиздерди гана эмес, ошондой эле келечекке карата ишенимиңиздер менен көз-карашыңыздарды калыптандыра турган сапарга аттандыңыздар.

Урматтуу студенттер заманбап ааламда жогорку билимдин маанилүүлүгү абдан курч маселе. Технологиялардын өнүгүүсү, маалыматтардын көптүгү жана билим алмашуулардан улам көпчүлүк “Бизге жогорку билим керекпи?” деген суроонун үстүндө ойлонот. Бирок мен белгилеп кетким келет, чыныгы билим – бул терең сапар, өзүңдү таанып-билүү процесси болуп, мында билим ааламды, өзүңдү жана башка адамдарды түшүнүү үчүн курал болуп берет.

Сиздер Борбор Азиядагы Америка университетин тандадыңыздар, демек сиздер ачылуу жана өнүгүү үчүн аянтчаны тандадыңыздар. Биздин университетте биз эркин искусстволор жана илимдердин үлгүсүн карманабыз. Бул тандалып алынган кесипти гана эмес, ошондой эле сиздер үчүн кенен ааламды ача турган илимдердин топтомун иликтөө эркиндиги бар дегенди билдирет. Сиздер адамдар жашаган жана эмгектенген контексттерди мыкты түшүнө аласыздар, сын көз-карашта ойлонуу, жаратуу жөндөмдөрүнө ээ болосуздар жана эң башкысы тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө ийкемдүү боло аласыздар.

Анан албетте сиздер тандаган жол – лекция, китептер жана сынактар гана эмес. Ошондой эле бул сиздердин дараметиңиздерди ачууга себепчи бол турган маданий ар тараптуулук, жаңы достор, насаатчылар. Сиздер дүйнөнүн ар кандай булуң-бурчунан келген студенттер менен окутуучулардын арасында билим алып, заманбап жашоодо маанилүү болгон билимдерди кеңейтүү жана мультимаданий чөйрөдө окуу жана иштөөнү үйрөнөсүздөр. Биздин университетте көз-караштардын ар тараптуулугун түшүнүү жана баалоо мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул билимдер менен усулдар жашооңуздардагы ишенимдүү жандоочуңуздарга айланат.

Урматтуу ата-энелер өз балдарыңыздарды бул маанилүү сапарга ишеним жана колдоо менен жөнөткөндүгүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздер алар үчүн академиялык билим менен гана эмес, ошондой эле фундаменталдык жашоо ыкмалары менен камсыздаган жайды тандадыңыздар. Биз өз кезегибизде сиздердин үмүтүңүздөрдү актоо үчүн колдон келген бүт күч-аракеттерибизди жумшайбыз. Биз үчүн ар бир студент – жөн гана студент эмес, ошондой эле өзүн сөзсүз түрдө таба турган жана чоң ааламдын кыйынчылыктары менен кубанычтарына даяр боло турган инсан.

Сиздердин балдарыңыздардын билими – белгисиздиктин шартында алардын таянычы. Бир нече жылдардан кийин аалам башкача болот. Бирок биздин бүтүрүүчүлөр фундаменталдык даярдык жана окутууга карата бүтүндүк, холистикалык ыкманын негизинде ошол өзгөрүүлөргө көнүшүүгө даяр болушат. Жада калса айланасындагы ааламды жаратышат жана өзгөртө алышат. БААУнун диплому – бул жөн гана документ эмес, бул билим алуучунун өзүн таануу, изилдөө жана аңдап билүү жолунан өткөндүгүн тастыктаган белги.

20-25 жыл алдыдагы келечекке көз чаптыралы: бүгүнкү күндүн студенттерин жашоодо өз ордун тапкан шыктандыруу жана багыт берүү жөндөмүнө ээ кесипкөй, лидер катары көрүүдөбүз. Сиздер келечекти аныктаган адистерден болосуздар мейли илимде, искусстводо, технологияларда жана билим берүүдө болсун. Биз келечекте жарала турган бардык чакырыктарга сиздер даяр болосуздар деп ишенебиз. Себеби сиздерде биз учурда куруп жаткан бекем пайдубал бар.

Белгилеп кетчү дагы бир нерсе, Борбордук Азиядагы Америкалык университети – бул баалуулуктар жана Кыргыз Республикасынын келечеги үчүн жоопкерчиликти сезүүнүн түшүнүгү калыптанган жай. Биз бул жерде жогорку квалификациядагы адистерди гана эмес, ошондой эле коомдогу өз ордун, миссиясын жана мекен алдындагы милдетин түшүнгөн жарандарды да тарбиялайбыз. Биздин бүтүрүүчүлөр – кесипкөйлөр гана эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын гүлдөп-өнүгүүсү үчүн өз күч-аракеттерин жумшоого даяр мекенчилдер.

Айтор, урматтуу студенттер, биздин үй-бүлөгө, билимдер, жаңы ачылыштар жана мүмкүнчүлүктөр ааламына кош келиңиздер!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028