51Թ

Иррационалдык теңдемелер жана аларды чечүүнүн жаңы усулдары

Иррационалдык теңдемелер жана аларды чечүүнүн жаңы усулдары

3&Բ;марта&Բ;2025

#математика#mathematics#math

Өткөн аптада БААУда математика боюнча мектеп мугалимдери үчүн кезектеги усулдук сабак өткөрүлдү. Адаттагыдай эле, уюштуруучулук милдетти Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин колдоосу астында БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана Колдонмо математика жана ифнорматика факультети аркалады.

Сабактын темасы 10-11-класстарда иликтенчү алгебранын эн бир татаал бөлүмдөрүнүн бири болгон иррационалдык тендемелер болду. Мындан тышкары өткөн жылы БААУда орун алган математика боюнча Олимпиаданын бир нече маселелери чечмеленди.

Иррационалдык теңдемелер – илимий көйгөй деп эсептелген математикадагы кызыктуу жана татаал тема. Мунун себеби мындай теңдемелерди чечүүдөгү бирдиктүү усулдун жоктугунда жатат. Чечемелөө жолу теңдеменин өзүнөн келип чыгат, ал эми оптималдуу жөндөмдү табуу үчүн ар кандай ыкмаларды билүү керектелет. Албетте иррационалдык теңдемелер мектеп программасынын эң татаал темаларынын бири болуп, ал 10-11-класстарда окутулат.

Сабак учурунда алгебраикалык теңдемелер системасына таандык ыкмаларды колдонгон иррационалдык теңдемелерди чечүүнүн жаңы усулу тартууланды. Бул тууралуу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Анаркуль Урдалетова айтып берди. Ал эми андай ыкманы конкреттүү мисалдардын негизинде иш жүзүндө колдонууну БААУнун Колдонмо математика жана ифнорматика факультетинин профессору Сыргак Кыдыралиев көрсөтүп берди.

БААУнун Колдонмо математика жана информатика факультетинин улук окутуучусу Елена Бурова БААУда күтүлүп жаткан математика боюнча Олимпиада жөнүндө маалымат берди. Ал мектеп окуучуларынын ага катышуу шарттары жана Олимпиада кантип өткөрүлүүсү тууралуу кеп курду. Андан соң былтыр өткөрүлгөн Олимпиаданын маселелеринин мисалдары тартууланып, алардын айрымдарынын чечүү жолдору көрсөтүлдү.

Эмки сабак март айынын аягында өткөрүлөт.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028