Роял Курулуш Биздин «Роял Курулуш» компаниясы менен кызматташтыгыбыз алгачкы жемиштүү жыйынтыктарды алып келди! Психология программасынын улук студенти Алимa Сагыналиева аталган компанияда практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, көп өтпөй эле «Роял Курулуш» компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн командасына жарым күндүк иш графиги менен акы төлөнүүчү кызматка чакырылды. Алима «Роял Курулуш» компаниясындагы практикасы тууралуу биз менен ой бөлүштү: «Мен үчүн "Роял Курулуш" компаниясында иштөө маркетинг тармагында баалуу тажрыйба болду. Бул жерде иштеп жатканыма бир айга жакын убакыт болду, бул мезгилдин ичинде бардык курулуш объектилерин кыдырып чыктым, бетон өндүрүлгөн заводго бардым, курулуш процессин баяндап бердим жана башка көптөгөн иштерди аткардым.» Алиманы жаңы жумушу менен куттуктап, жаңы кадамдарында ийгилик каалайлы! БААУ менен «Роял Курулуш» компаниясынын ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум 2020-жылдын 9-декабрында түзүлгөн. Бул макулдашуунун алкагында биздин студенттер аталган компанияда практика өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. «Роял Курулуш» — Кыргызстандагы алдыңкы курулуш компанияларынын бири. Link to this block: /kg/development_impact_stories/#b687 |
|
Бишкектеги Коопсуз Жай Бул даректүү тасма БААУнун демилгеси жана аракети, ошондой эле биздин бүтүрүүчүбүз Адилет Дубаев жана анын «Марк Твен Компаниясы» командасынын жардамы менен ишке ашты. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында, 2021-жылдын жай айларында биздин бүтүрүүчүлөр жана студенттер Афганистандан Бишкекке эвакуациялангандыгы тууралуу видео тарттык. Өнүктүрүү кеңсеси АКШ аскерлеринин Афганистандан чыгышынан кийин Афганистандын бүтүрүүчүлөрү жана студенттери үчүн түзүлгөн Афгандык жооп кайтаруу командасынын курамында иштеди. Бул убакта Америка Борбордук Азия Университетинен жана Афганистан Америка Университетинен жалпысынан 170 бүтүрүүчү жана студент Бишкек шаарына эвакуацияланган. Биздин команда физикалык эвакуациялоо иштерине, афгандык бүтүрүүчүлөрдүн кайрадан окуусун улантуу үчүн документ иштерине, жана алардын кампуска кайтып келүүсүн уюштурууга активдүү катышкан. Бүгүнкү күндө биздин афгандык бүтүрүүчүлөр Бишкекте отурукташып, магистратуралык билим алуусун улантышууда. 31-август күнү биздин студенттердин ийгиликтүү эвакуацияланганына бир жыл толду. Link to this block: /kg/development_impact_stories/#b899 |
БААУ жөнүндө
СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ
АКАДЕМИКАЛЫК САБАКТАР
КАМПУСТАГЫ ЖАШОО
ПАЙДАЛУУ ШИЛТЕМЕЛЕР
Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060
Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028