51Թ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - ТУРАК ЖАЙ

ТУРАК ЖАЙ

БААУнун жатаканасы

БААУнун жатаканасы 2012-жылы ачылып, студенттерге Бишкек шаары жана Кыргыз Республикасы менен таанышуу үчүн коопсуз база түзүп берет. Төмөндө көрсөтүлгөн слайд-шоудан бөлмөлөрдүн жана шарттардын сүрөттөрүн көрө аласыз.

Үй-бүлөдө жашоо
БААУ өлкөдө жүргөн убактыңызда сиз үчүн үй-бүлөлүк жашоону уюштуруп бере алат. Үй-бүлөдө жашоо сизге маданият менен жакындан таанышып, өзгөчө тажрыйбага ээ болууга мүмкүнчүлүк түзөт. БААУнун коопсуз жана туруктуу шарттарды камсыз кылган үй-бүлөлөрдүн маалымат базасы бар.

Батир

Студенттер үчүн батирлер да уюштурулуп берилет. Батирлердин баасы айына 300 доллардан жогору. Сиздин талаптарыңызды бизге кабарласаңыз, тиешелүү батирди таап беребиз.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028