БААУнун Эл аралык жана бизнес укугу программасына кош келиңиз!
Эл аралык жана бизнес укугу боюнча бакалавриат жана магистратура программалары Борбор Азиядагы алдыңкы юридикалык программалар болуп саналат. Алар студенттерге чакан семинарларда окуу жана билим берүүдө эң жогорку сапатка жетишүүгө жардам берүү үчүн шарттарды түзөт. Сабактарды Америкадан, Европадан жана Борбор Азиядан келген таанымал профессорлор, практикалык тажрыйбага ээ адистер окутат.
Биздин студенттер дүйнөдөгү эң абройлуу юридикалык сынактарга, ар кандай маанилүү юридикалык иш-чараларга катышып, алдынкы юридикалык компанияларда, мамлекеттик органдарда жана эл аралык уюмдарда практикадан өтүп, чет өлкөлөрдө алмашуу программаларына катышууга жана АУЦАнын юридикалык клиникасында юридикалык консультациялар берүү менен практикалык юридикалык көндүмдөргө ээ болууга мүмкүнчүлүк алышат. Биздин бүтүрүүчүлөр АКШ жана Европа Биримдигинин өнөктөш университеттеринде экинчи магистр даражасын алууга жана АКШда адвокаттык экзамен тапшырууга, расмий юрист катары иш жүргүзүүгө укуктуу болушат. Биз сыймыктануу менен белгилейбиз, биздин бүтүрүүчүлөр эмгек рыногунда суроо-талапка ээ. Алар белгилүү мамлекеттик, жеке жана эл аралык мекемелерде, ошондой эле Европалык Союз, АКШ, Канада, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн абройлуу университеттеринде жогорку билим алууда.
Биздин программалар тууралуу көбүрөөк маалыматты биздин вебсайттан билип алсаңыз болот.