51Թ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Негизги талаптар

Негизги талаптар

БААУну бүтүрүү үчүн жалпы эрежелер төмөнкүлөрдү камтыйт. Студент төмөнкүлөргө жетишүүсү керек:

  • кеминде 240 кредит чогултуу (анын ичинде программанын практикасы үчүн алынган кредиттер);
  • жалпы билим берүү талаптарын толугу менен аткаруу;
  • жок дегенде бир негизги адистиктин бардык талаптарын аткаруу;
  • 100-даражадагы кириш курстарынан 102 кредиттен ашпоо;
  • мамлекеттик бүтүрүү сынактарын ийгиликтүү тапшыруу;
  • бүтүрүүчү дипломдук ишти же долбоорду ийгиликтүү аяктап, коргоо.

Студенттер БААУдагы бүтүрүү талаптары боюнча толук маалыматты БУЛ ЖЕРДЕН таба алышат.

ЭБУ программасынын студенттери жогорудагы БААУнун бүтүрүү талаптарын аткарышына ынаныш керек. Укук адистигинин талаптарына укук боюнча милдеттүү жана тандап алуучу сабактар кирет. Мындан тышкары, ар бир укук студенти 2-курстан жана 3-курстан кийин практика өтүшү керек. Калган кредиттерди башка адистиктер боюнча кошумча адистиктин талаптарын аткаруу үчүн же Бард Колледжинин сертификатын алуу үчүн колдонсо болот.

Жалпы: 4 жылда 240 кредит

65 кр

(өзгөрүшү мүмкүн)

Жалпы билим берүү курстары (GenEd)

123 кр

Укук боюнча милдеттүү курстар

24-30 кр

+12 кр

Укук боюнча тандоо курстары/багыттар

+ практика

10 кр

+ Кошумча адистиктин талаптарына же Бард сертификатына карата тандап алынган курстар

Укук бөлүмүнүн милдеттүү жана тандап алуучу курстар боюнча төмөнкү талаптары бар:

Милдеттүү курстар (123 кр)

Курстарды тизмедеги көрсөтүлгөн тартипте алыңыз

Бир курс башка курска кирүү үчүн шарт (алдын ала шарт) болуп саналат

Бардык милдеттүү курстарды тапшырбаса - 4 жылда бүтүрүү мүмкүнчүлүгү болбойт

Тандоо курстары/Багыттар (24-30 кр)

Эл аралык жана экологиялык укук

Укук, бизнес жана технология

Адам укуктары, укук, саясат жана коопсуздук

Тандоо курстары жана бүтүрүүчү долбоордун тандалган темасы студенттердин адистигине (мисалы, коомдук же жеке укук) жана бүтүрүү экзаменине таасир этет. Акыркы курстун аягында ар бир укук студенти укук боюнча бүтүрүү сынагын тапшырып, бүтүрүүчү долбоорун ийгиликтүү коргошу керек.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028