51Թ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Каттоо

Каттоо

Семестрге онлайн каттоо студент тарабынан көз карандысыз түрдө академиялык кеңешчинин жардамы менен окуу планы, текшерүү тизмеси жана кафедралар сунуштаган сабактардын негизинде жүргүзүлөт.


Онлайн каттоо Академиялык календарда белгиленген мөөнөттө өтөт.

Каттоо мезгилинин ичинде студенттер графикти өзгөртө алышат.

Эгерде студент онлайн каттоону убагында бүтүрбөсө, кеч каттоо үчүн 500 сом төлөшү керек. Кеч каттоо мезгилинде графикти өзгөртүүгө уруксат берилбейт. Бош кредити жана сабакты окутуучу мугалимдин жазуу жүзүндөгү уруксаты бар болсо, студент курска кошула алат.

Кошумча кредит сатып алуу же кеч каттоо үчүн студент Административдик кызматтар борборуна (234-бөлмө) кайрылышы керек.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028