Бааны өзгөртүү боюнча саясат
Окутуучу тарабынан каттоочу бөлүмүнө тапшырылган жана катталган курс баасы төмөнкү учурларда гана өзгөртүлүшү мүмкүн:
- Бааны эсептөөдө кеткен ката же техникалык ката.
Эгерде студент баада ката бар деп эсептесе, ал маселени окутуучу менен талкуулашы керек. Бааны өзгөртүү боюнча форма окутуучу, программа координатору же бөлүм башчысы тарабынан кол коюлуп, өзгөртүүнүн себеби толук түшүндүрүлгөн түшүндүрмө менен каттоочу бөлүмүнө тапшырылышы керек. Форманын ичинде баштапкы туура эмес баа жана акыркы оңдолгон баа көрсөтүлүүгө тийиш. Студенттин ишинин сапатын кайра баалоонун негизинде бааны өзгөртүүгө болбойт, ошондой эле «Толук эмес» (Incomplete) өзгөчөлүгү болгон учурлардан тышкары, кайра экзамен тапшыруу аркылуу өзгөртүүгө жол берилбейт. Бааны өзгөртүү формасы баа коюлгандан кийин 1 жылдын ичинде суралышы мүмкүн жана форманы каттоочу бөлүмүнө окутуучу тапшырышы керек.