51Թ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Программа жөнүндө

Программа жөнүндө

Борбордук Азиядагы Америка университетинде (БААУ) Колдонмо психология боюнча магистр даражасы заманбап психологиянын эң актуалдуу тармактарында кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул программа ар кандай билим чөйрөсүнөн келген, психология жаатындагы академиялык жана кесиптик квалификацияларын өнүктүрүүнү каалаган студенттер үчүн ачык. Окуу программасы колдонмо адистик көндүмдөр боюнча илимий негизделген даярдыкка басым жасап, изилдөөлөр, теория жана практикага байланыштуу учурдагы маселелерди талкуулоону камтыйт. Программа психология же ага байланыштуу тармактар боюнча докторлук даражага даярдануу үчүн эң сонун платформа болуп саналат.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028