Академиялык сыноо мөөнөтү
- Эгерде студенттин семестрдик GPA көрсөткүчү 2.0ден төмөн (бирок 1.75ке барабар же андан жогору) болсо, анда ал академиялык сыноодо болот. Эгерде GPA 1.75тен төмөн болсо, студенттин статусун (академиялык сыноо же окуудан чыгаруу) бөлүмдүн башчысы чечет. Эгерде толук убакытта окуган студент академиялык сыноо мезгилинде 2.0 минималдуу GPA жана 24 кредит саат топтой албаса, ал университеттен чыгарылышы мүмкүн. Бүтүрүүчү студенттер үчүн өзгөчө учурлар каралат.
- Кадрлар кеңсеси мурунку семестрдин жыйынтыктары боюнча эскертүү буйруктарын берет, ал эми Каттоо кеңсеси ар бир студентке маалымдамаларды таратуу үчүн жооптуу болот. Бөлүмдөр бул каттарды студенттерге жеткирүүнү камсыз кылат.
- Академиялык эскертүүдө турган студенттер университет тарабынан уюштурулган кандай гана болбосун кошумча иш-чараларга катыша алышпайт.
- Академиялык сыноодо турган студенттер курстарды аудит кылууга тыюу салынат.