Аудит курстарды өз адистигинен тышкары окууну каалаган же негизги сабактар менен бир учурда бүтүрүү кыйын болгон курстарга кызыккан студенттер үчүн пайдалуу.
Жалпы эрежелер жана талаптар
1.1. Студент курстарды аудит кылуу үчүн өз кеңешчисинин жана профессордун уруксатын алышы керек.
Эскертүү: Студенттерге спорт жана тил курстарын аудит кылууга уруксат берилбейт.
1.2. Студент бир академиялык жылда 12 кредитке чейин, бирок бир семестрде 6 кредиттен ашпаган курстарды аудит кыла алат.
1.3. Курска катышуунун деңгээлин профессор аныктайт. Курстарды аудит кылуучу студенттерге коюлган талаптар сабактын силлабусунда так көрсөтүлүшү керек.
1.4. Академиялык эскертүүдө турган студенттерге курстарды аудит кылууга тыюу салынат.
Каттоо
2.1. Аудит курстары транскриптте “AU” деп белгиленет. “AU” университеттик кредиттик программа үчүн кабыл алуу, алгачкы шарт же курс талаптарына жооп бербейт жана студенттин орто баасына (GPA) таасир этпейт.
2.2. Эгерде студент аудит талаптарын аткара албаса, профессор аны курстан чыгарып салышы мүмкүн. Мындай учурда курс студенттин транскриптинде көрсөтүлбөйт.
2.3. Каттоо мезгили аяктагандан кийин курстун статусун (аудиттен кредитке) өзгөртүүгө болбойт.
2.4. Студент аудит курсунан каалаган учурда чыгып кете алат; мындай учурда курс студенттин транскриптинде көрсөтүлбөйт.
2.5. Аудит курстары минималдуу класстын өлчөмүн эсептөөгө киргизилбейт.