Студенттер эң мыкты академиялык көрсөткүчтөрү үчүн Президенттин же Вице-президенттин тизмесине киргизилиши мүмкүн. Бул жетишкендик күзгү семестрде өтүүчү Билим күнүндө расмий таанылат (атайын датаны Иш-чаралар календарынан текшерсе болот). Каттоо кеңсеси Программа башчыларынын Окуу иштери боюнча вице-президентке (VPAA) тапшырган отчетторунун негизинде тизмелерди түзөт, алар кийин Академиялык Сенат тарабынан бекитилет. Бекитилген отчеттордун негизинде Кадрлар кеңсеси Президенттин жана Вице-президенттин тизмесине киргизүү тууралуу буйруктарды чыгарат.
Президенттин тизмесине төртүнчү курстун студенттери гана кире алат. Бул тизмеге кирүү үчүн студент кеминде 180 кредит топтоп, жалпы орто баасы 3.8 же андан жогору болушу жана транскриптте “F”, “X”, “N/P”, “W” баалары болбошу керек.
Вице-президенттин тизмеси экинчи, үчүнчү жана төртүнчү курстун студенттерине арналган. Бул тизмеге кирүү үчүн студент кеминде 60 кредит топтоп, жалпы орто баасы 3.67 же андан жогору болушу жана транскриптте “F”, “X”, “N/P”, “W” баалары болбошу керек.
Бул саясат 2024-жылдын апрель айында өзгөртүлгөн.