БААУдан башка жогорку окуу жайга которулууну каалаган студенттер, ал жердин которулуу жол-жоболору жана эрежелери менен таанышуу үчүн тиешелүү окуу жайга кайрылуулары керек.
Студент башка окуу жайга которулуу арызын тапшырып, ал жактан кабыл алуу тууралуу кабар алгандан кийин, БААУнун тиешелүү Программа координаторуна жана Вице-президент/Административдик иштер боюнча башчыга мүмкүн болушунча эртерээк кабарлашы керек.
Студенттин суранычы боюнча Каттоо кеңсеси башка окуу жайга которулуу үчүн талап кылынган бардык расмий документтерди камсыздайт.