51Թ

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Конок студенттер

Конок студенттер

Орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр же башка колледжде/университетте бакалавр даражасын алуу программасына катталган студенттер конок студент катары университетке кабыл алынуусу мүмкүн. Конок студенттер БААУнун бакалавр программасына толук убакыттагы студент катары тапшыра алышат. Эл аралык конок студенттердин БААУда алган бардык кредиттери, баалары жана орточо баллы БААУнун бакалавр деңгээлине кабыл алынгандан кийин өткөрүлөт; жергиликтүү конок студенттердин БААУда алган бардык кредиттери, баалары жана орточо баллы бакалавр деңгээлине кабыл алынгандан кийин жана конок студент катары өткөн курстар боюнча кайра экзаменден ийгиликтүү өткөндөн кийин өткөрүлөт. Вице-президент/Аткаруучу директор студентти начар академиялык жетишкендиктеринен же академиялык эмес туура эмес жүрүм-турумунан улам окуудан чыгарып коюшу мүмкүн.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028